Биз менен байланышыңыз

Керч кысыгында эки кеме күйүп, 11 киши мерт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 518 | 0

Азов деңизинин Керч кысыгында эки кеме күйүп, натыйжада кеминде 11 киши набыт болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Орус деңиз флотунун маалыматына таянып жазышты.

«Бизге кырсык тууралуу белги келген жок. Алдын ала маалыматка караганда кемелер күйүүчү май алмашып жатышкан кезде күйгөн. Анткени кемелердин бирөөсү-газовоз болчу»,-деп билдиришти деңиз флотунан.

Танзанияга таандык делген кемелер кырсык болгон учурда күйүүчү май алмаштырып жаткан болушу ыктымал. Ошол эле кезде деңизде бороон жүрүп жаткан. Алгач газ ташуучу кеме өрттөнүп, жалын экинчисине өткөн. Жалпысынан эки кемеде 31 киши болуп, 12 киши тирүү чыгарылганы кабарланууда. Ал эми набыт болгондордун ичинде Индия жана Түркиянын да жарандары болгон.

Кырсык болгон жерге орус деңиз куткаруучуларынын он кемеси кеткен. Бул боюнча жооптуу тараптарга «адам өлүмүнө алып келген техникалык мүчүлүштүккө жол берүү» беренеси боюнча иш козголду.

Эске салсак, Керч кысыгы Орусия менен Украинанын ортосундагы талаштуу аймак болуп саналат. Ошол эле жерде буга чейин орус чек ара кызматы украиналык эки кемени кармап кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM