Биз менен байланышыңыз

Д.Полянский: Кармалган украиналык кемелерде чагымчылар бар болчу

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 679 | 0

Керч кысыгында кармалган украиналык кемеде эки коопсуздук кызматтын (СБУ) өкүлү бар болчу. Алар аталган аймакта атайын чагым уюштуруу максатында кемеге кошулушкан. Мындай маалыматты Бирикке Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин орусиялык расмий өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский кезексиз жыйында айтып чыкты.

Анын бул чуулуу кабарына жыйында олтурган украиналык өкүл эч кандай жооп кылган жок.

Полянскийдин айтымында украиналык үч кеме уруксатсыз кирген акваторий 2014-жылдагы Крымдын алынышына чейин эле Орусиянын чек арасына кирчү. Дал ошол аймакта чагым уюштуруу үчүн киргенин СБУнун кызматкерлери мойнуна алышканын кошумчалады ал.

Эске салсак, 25-ноябрь күнү Керч кысыгында үч украиналык аскердик кеме колго түшкөн. Алар Одессадан чыгып Орусиянын акваторийи аркылуу Мариуполь портуна баратышканын айтышкан. Расмий Киевдин билдиришинче алар бул дениз жолун колдонуу тууралуу алдын ала орус атайын кызматына кабарлашкан, бирок каршы тараптан жооп келген эмес. Ал эми Кремль кемелердин чагымчылдык менен орус чек арасын бузуп киргенине ишендиришүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM