Биз менен байланышыңыз

Венгрия: Кеме кыйроосунан каза болгон туристтер Түштүк Корея жарандары

Дүйнө , Кыска кабар | 30 мая 2019 | 568 | 0

Венгриянын борбору Будапеш шаарына жакын Дунай дарыясында кеме кыйрап, 7 турист каза болду. Андан сырткары, 19 адам дайынсыз жоголду.

Окуя 29-майдын түнүндө болгон. Анда, Түштүк Кореядан келген 32 турист сейилдеп жүргөн кеме оодарылып кеткен.

Маалыматка караганда, кырсык эки кеменин кагылышынан келип чыккан.

Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Ин жарандарды куткаруу үчүн колдон келген бардык жардамды көрсөтүүгө буйрук берди.

Copyright © 2017 Maral FM