Биз менен байланышыңыз

Будапешт – Бишкек түз аба каттамын ачуу пландалууда

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1601 | 0

Жакын арада Будапешт – Бишкек түз аба каттамы ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий иш сапары менен Бишкекке келген Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча журналисттерге берген маегинде билдирди.

«Дагы бир маанилүү макулдашуу Будапешт – Бишкек түз аба каттамын ачуу болду. Бүгүн биздин арабызда белгилүү венгер «Wizz Air» авиакомпаниясынын башчысы отурат, ал Бишкек – Будапешт түз аба каттамын ачуу боюнча Кыргызстандын Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул — өтө маанилүү. Виза берүү, түз аба каттам – эки өлкөнүн жарандарын ташууга жана жакындатууга жакшы шарт түзөт. Мунун баары биздин өлкөнүн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү үчүн маанилүү», — деди  Казакбаев.

Ошондой эле Абу-Даби – Бишкек каттамы боюнча «Wizz Air» компаниясынын авиакаттамын ачуу каралып жатканын, ал Кыргызстандын араб аймактарына чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM