Биз менен байланышыңыз

Сентябрда кыргыз-венгр өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болот

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 522 | 0

Ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстан Венгрия өкмөттөр аралык комиссиясы менен экономикалык маселелер боюнча кызматташуу максатында биринчи жолу жыйын өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан соң, кыргыз-венгер бизнес форумун өткөрүү күтүлүүдө. Бул маселе боюнча 3-майда Будапештте Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жетекчиси жана Венгриянын Соода, өнөр жай палатасынын жетекчиси сүйлөшүштү.

Бизнес-форум эки өлкөнүн ишкерлеринин соода-экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө шарт түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM