Биз менен байланышыңыз

Жапония: 3700 адамдык круиздик лайнерде вирус жуктургандардын саны 60тан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 1061 | 0

Жапониянын Йогокама портунда карантинге алынган «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) аттуу круиздик лайнерде коронавируска кабылгандардын саны 3 эсеге өстү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министри билдирген.

Маалыматка ылайык, коронавирустун жаңы түрүн жуктургандар 61ге жеткени аныкталган. Буга чейин, 20 адамга жукканы айтылган болчу. Илдетти жугузуп алган бейтаптар Токионун медициналык аймагына жеткирилмекчи.

Ичинде 3700 жүргүнчүсү бар Жапониялык лайнер карантинге алынып, Йокогаманын портуна токтотулган.

Йокогамадан 20-январда чыккан кеме Кагосима – Гонконг – Окинава багытында жүрүп, 3-февралда кайрылып келмек. Бирок, өз мекенине жеткенде лайнерден түшүп калган 80 жаштагы Гонконг тургуну 2019-nCoV вирусун жуктурганы аныкталды. 3-февралга карай кемедеги бир нече адамдын абалы начарлап чыккан. Жапония бийлиги кемени сууда кармоо чечимин чыгарып, экипаж мүчөлөрүн  жана 3700 жүргүнчүнүн баарын текшерип чыгышкан.

Натыйжада 5-февралда бортто 10 адам илдетке чалдыкканы аныкталып, алардын баары ооруканага жеткирилген.

Ал эми кеменин калган жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүн 14 күн карантинге алып, кемеде кармап туруу чечими чыккан. Круиздик лайнерде жалпы 2 миң 666 жүргүнчү, 1 миң 045 экипаж мүчөсү бар. Туристтердин арасында 50дөн ашык өлкөлөрүнүн жарандары бар экендиги айтылды.


7-февраль: Коронавирустан каза болгондор 637, айыккандар 1542 киши [хронология]


Учурда коронавирусту жуктурган 31 миң 224 адам катталды. Ушул убакытка чейин бул дарттан 637 адам каза тапса, 1542 киши сакайып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM