Биз менен байланышыңыз

Норвегияда кырсыкка кабылган кемедеги 1300 жүргүнчү эвакуацияланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 706 | 0

Норвегияда кырсыкка кабылган кемедеги 1300 жүргүнчүнү эвакуациялоо иштери жүрүп жатканын BBC билдирди.

Жергиликтүү башкаруучулардын маалыматы боюнча «Викинг-Скай» кемесинин мотору иштебей калган. Кемедеги баардык жүргүнчүлөр жээкке ташылып келинүүдө. Жүргүнчүлөрдү куткаруу ишине 5 тик учак жана бир канча кемелер катышууда.

Норвегиянын куткаруучу агентствосунун  маалыматы боюнча кеме 23-мартта жергиликтүү саат боюнча 14:00дө болгон каттуу шамалга туруштук бере албай жардам билдирүүсүн жөнөткөн.

Кеме Ставангер портунан Тромсёну көздөй багыт алган. Авария болгон жер Хустадвика деп аталып, деңиздегии эң кооптуу аймак деп эсептелинет.

Азырынча канча жүргүнчүнүн жээке алынып келингени белгисиз. Жергиликтүү саат боюнча 22:40га 155 адам алынып келинген.

Кемеде жабыр тарткандар жок.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы  секундасына 20 метрге чейин жетүүдө. Толкундун бийиктиги болсо 10 метр.

Copyright © 2017 Maral FM