Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: 11 үйгө таш кулоо коркунучу жаралган

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 517 | 0

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 18-май күнү саат 19:30 чамасында каттуу шамал болуп, Базар-Коргон айылындагы К.Бегимкулов көчөсүндө жайгашкан №2 көп кабаттуу турак үйдүн 12 даана темир чатырын (тунуке) учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, Кеңеш айыл аймагынын Совет айылындагы Ленин көчөсүнүн №34 дарегинде жайгашкан турак үйдүн чатырына дарак кулап, үйдүн шиферлерин сындырып кеткен.

Базар-Коргон райондук №78 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде тактоо иштерин жүргүзүшүп, кулаган даракты коопсуз жайга жылдырып беришкен.

Мындан сырткары, Арстанбап айыл аймагында 12-май күнү саат 10:30 чамасында Арстанбап айылынын Тураев көчөсүндө жайгашкан 11 турак үйгө аскадан таш кулоо коркунучу жаралган.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы, ӨКМдин мониторинг департаментинин адиси, Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, ӨКМдин №2 өзүнчө издөө куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине барып, 18-май күнү таштарды коопсуз жерге түшүрүү иш-чаралары улантылып, 10 чарчы метр таш түшүрүлдү. Жалпы 16 чарчы метр таш түшүрүлгөн.

Учурда иш чаралары улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM