Биз менен байланышыңыз

Мексиканын президенти Америкага агылган мигранттарды жумушка чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 525 | 0

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор АКШга кирүүгө аракет кылган миңдеген гондурастык мигранттарга жумуш сунуштады. Обрадор Мексиканын түштүк аймагында 4 миңден ашык жумуш орду, жашоо үчүн турак-жайы бар экенин айтты.

Буга чейин Гондурастын миңдеген тургундары, анын ичинде аялдар менен балдар Америкага кирүүгө аракет кылышкан. Алар АКШ аймагына кирүү үчүн Гватемала менен Мексикадан өтүшү керектелет. Гватемала бийлиги мигранттардын агымын токтотуу үчүн колунан келген аракетин жумшарын айткан.

Гондурастын тургундары жокчулуктан жана куралдуу согуштан улам өлкөдөн качып жаткан кези.

АКШ президенти Дональд Трамп 2019-жылдын майында Мексика аркылуу агылып келген мигранттардын айынан Мексикадан келген товарларга салыктын өлчөмүн 5 пайызга жогорулаткан. Ошондо 2 өлкө бир келишимге келишкен: Мексика чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, Трамп болсо кошумча салыкты жок кылган. Ошондой эле, Мексика 20 миңдей гондурастыкты жумуш менен камсыздарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM