Биз менен байланышыңыз

Гондурастан чыккан мигранттардын агымы Американын чегине жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 763 | 0

Октябрь айында Гондурастан жөө-жалаңдап чыгып, жолдо Гватемала, Сальвадор жана Мексикадан кошулуп отуруп чоң агымды пайда кылган мигранттар акыры АКШнын чек арасына жетип келишти. Алар 14-ноябрда Мексика менен Американын чегиндеги Тихуана шаарына токтошту. Ал жерге автобустарга отуруп, Мексиканын федералдык полициясынын коштоосунда келген мигранттарды атайын турак-жайларга жайгаштырып, тамак-аш менен камсыздашты. Эми алар Америка тараптын жообун күтүшөт.

Бирок буга чейин президент Дональд Трамп мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган мигранттар полициянын кийлигишүүсүнө кабыларын айтып, чек арага кошумча 5200 аскер жайгаштырган. АКШ өкмөтү жана сенаты мыйзамдуу түрдө кирүүгө арыз жазгандардын маселесин кароого даяр экенин да билдиришкен.

Трамптын коркутуп-эскертүүлөрүнө карабай Америкага чейин жөө-жалаңдап келген мигранттардын басымдуу бөлүгү гондурастыктар. Латын Америкасынын эң жакыр өлкөсү болгон Гондураста алар жумушсуздук, ачкачылыктын айынан кыйналып, жумуш жана башпаанек издеп Мексика менен Америкага барарын айтышып, чогулуп жолго чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM