Биз менен байланышыңыз

Америка Мексика менен чегине кошумча күчтөрдү жиберди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 601 | 0

АКШ Мексика менен чек арасына 3500 кошумча аскер жиберди. Бул тууралуу америкалык басылмаларга жарыяланды.

Бул маалыматты президент Дональд Трамп дагы тастыктап:

«Түштүк чек арага кошумча дагы күчтөрдү жибердик. Бул мыйзамсыз мигранттардын өлкөнүн чек арасын бузуп кирүүсүнө тоскоол болот. Биз буга чейин мигранттардын бир агымын токтотконбуз, кийинкилерин да токтотобуз»,-деп билдирди.

Ошондой эле ал мыйзамсыз мигранттарды артка кайтарууга аракет кылбай жаткан Мексика бийлигин сынга алды.

Жергиликтүү басылмаларга Түштүк Американын Гватемала, Гондурас жана Сальвадор сыяктуу мамлекеттеринен  2700 кишилик кербен чыкканы кабарланууда.

АКШ бийлиги алардын алдын алуу максатында чек арадагы кайтарууну күчөттү. Муну менен АКШ-Мексика чегиндеги аскерлердин саны алты эсеге көбөйдү. Алар 90 күндүн ичинде артка кайтарылары пландалган.

Эске салсак, өткөн күз айларында  аталган өлкөлөрдөн миңдеген мигранттардын агымы Америкага келип, бир тобу депортацияланды. Дагы башкалары Мексикада калып, кээ бири Американын чегинде турушат. Буга чейин дагы Пентагон аталган жайга 5200 аскер жайгаштырган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM