Биз менен байланышыңыз

Качкынбай: Саясий кризистин 3 себеби бар

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июл 2019 | 584 | 0

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай «Марал» радиосуна берген маегинде башкаруу системасын өзгөртүп, реформа кылуу бир топ абстактуу нерсе экенин билдирди.

Анын айтымында, саясий кризистин 3 себеби бар.

Биринчиси, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда эл өкүлдөрү маселелерди бир добуштан колдоп келишкен.  Ошондой эле Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесинде да 103 депутат добуш берди. Анын себеби өлкөдө мажбурлоочу интситуттар бар. Алар: милиция, УКМК, прокуратура.

Парламенттик башкарууда УКМК Жогорку Кеңешке отчет берет. Бирок Кыргызстанда УКМК эмне иш кылып жатканын президент Сооронбай Жээнбеков гана билет.

Экинчиси, Конституцияда кимдер министр, өкмөт башчы болушу керектиги так жазылган эмес.

«Үчүнчүсү, парламенттин босого баллын көтөрүп салдык. Эми «элита» менен карапайым элдин ортосундагы ажырым мындан да чоң болот. Бул адмнистративдик, каржылык ресурсу бар адамдарга пайда болушу ыктымал. Бирок орто катмардагы кишилердин парламентке өтүүсүнө чоң тоскоолдук жаратат. Бул 3-4 жылдан кийинки чоң кризиске себеп болот. Мындан улам босого баллды жок дегенде 7%га түшүрүү зарыл», — дейт Сейтек Качкынбай.

Copyright © 2017 Maral FM