Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбеков: Оппозиция Атамбаев менен чогуу жаралат

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 411 | 0

Мен каалаган эгемендүү Кыргызстанда эгемендүү парламент, өкмөт жана сот болот. Ошондой эле сөз эркиндиги, күчтүү жарандык коом жана күчтүү оппозиция болот.  Мен күчтүү оппозиция болгум келет, бирок күчүм жетпейт. Бүгүнкү оппозиция Атамбаев болуп жатат. Мындай пикирин бүгүн, 3-июлда «Медиа-Форум» имаратынын алдында өтүп жаткан «Соке болбой калды» аталышындагы тынчтык митингинде саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Ал өз сөзүндө Атамбаевди күчтүү оппозиция болушуна шарт түзүү зарылдыгын айтып, жаңы пайда болуп келе жаткан оппозицияны бийлик күч менен сындыра турган болсо, аны коргогонго аракет кылыш керектигин айтты.

«Күч колдонобуз дешсе, сындыртпагыла. Оппозиция Атамбаев менен чогуу жаралат», — деди Равшан Жээнбеков.

Мындан сырткары, «Бийлик акылына келип, күч колдонуп жаткан иштерин токтотуп, азыркы оппозицияга сый мамиле кылганга, диалог курууга өткөнгө аракет кылса керек», — деген оюн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM