Биз менен байланышыңыз

Спикер: Билим берүү министрин кызматтан кетирүүгө негиз жок

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 681 | 0

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кызматынан четтетүүгө негиз жок. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жыл жыйынтыгына карата уюштурулган маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Министрдин кемчиликтери болсо Өкмөткө сунуштайбыз. Кемчиликтерди депутаттар эскертип турабыз. Билим берүү жана илим министринин жакшы иштери бар. Бишкектеги мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу ыкмасын киргизди. Мен муну жеке өзүм текшерип көрдүм. Бул мектеп директорлоруна байланышкан коррупцияга бөгөт боло алды.

Алыскы айыл жерлериндеги мектептерге интернет кирип жатат. Бул — министрдин ишинин натыйжасы да.

Ал эми каталар боюнча, мыйзам чегинен чыгып кеткен каталар болсо, министр жооп бериши керек. Кызматынан кетиши керек. Мен да кошулам. Мунун баарын мыйзамдык талаада караш керек», — деди спикер.

«Демек, сиз жеке оюңузда министрди кызматтан кетирүүгө негиз жок деп ойлойсузбу?», — деген суроого:

«Эми азыр менин жеке пикиримде, кызматтан кетирүүгө негиз жок», — деп жооп берди Дастанбек Жумабеков.

Төрага ошондой эле, каталар болсо, депутаттар тарабынан сын айтылса, комиссия түзүлүп карала турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, мектеп окуучуларына берилген аттестаттарда жана башка билим берүү тармагындагы документтерде кетирилген каталардан улам Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын кызматтан четтетүү боюнча коомчулукта пикирлер айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM