Мурдагы Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова Тышкы иштер министрлигинин Коомдук Кеңешине төрайым болуп шайланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти билдирди.
Кечээ, 2-июлда Тышкы иштер министрлигинин Коомдук Кеңешине жетекчи шайлоо боюнча өткөн жыйында Коомдук Кеңештин төрайымдыгына Ишенгүл Болжурова жана жооптуу катчылыгына Уран Ахметов бир добуштан шайланды.