Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Укук колдонуучулар жаңы форматта иштөөгө өтпөй жатат

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 607 | 0

«Укук колдонуучулар жаңы форматта иштөөгө өтүшпөй, ката кетирип коюудан коркушуп, жаңы өзгөртүүлөрдү колдонбой жатышат. Айрым укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрү анын негизги багыттарын түшүнбөгөнү өкүнүчтүү», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-июлда өлкөдөгү сот-укуктук реформа маселелери боюнча өткөн кеңешмеде.

Кеңешмеде сотко чейинки жана соттук өндүрүштү санариптештирүү, «тергөөчү судья», «пробация» институттарын киргизүү маселелери, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, Бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүүнүн учурдагы абалы талкууланды.

Президент өлкөдө башталган сот-укуктук реформа кагаз жүзүндө эле калат деген жарандардын тынчсыздануусу пайда болгонуна көңүл буруп, реестр, санариптештирүү, тендер, электрондук жабдууларды орнотуу боюнча иштер аксап жатканын баса белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга өлкөдө соттук-укуктук реформанын жүрүшүн тездетүү боюнча тийиштүү протоколдук сунуштар жана тапшырмалар берилди.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө ыкчам тартипте жол картасын иштеп чыгууну жана аны мындан ары илгерилетүүнү камсыздоону тапшырды.

Эске салсак, ушул жылдын 1-январынан тартып, Кыргызстанда жаңы институттарды киргизүүнү, тергөө бөлмөсүн жана сот отурумдары өтүүчү залдарды санариптештирүүнү жана башка караган жаңы 5 Кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кирген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM