Биз менен байланышыңыз

Чүйдө Көкөмерен суусуна жүргүнчүлөрү менен түшүп кеткен унаа изделүүдө

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 639 | 0

Жайыл районундагы Көкөмерен суусуна айдоочусу, жүргүнчүлөрү менен түшүп кеткен унаа изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ жалпы 93 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа чыккан эмес. Куткаруучулардан тышкары, сууга түшүп кетти деп болжолдонгон адамдардын туугандары да издөө иштерине тартылган. Унаада канча адам болгондугу милиция тарабынан такталууда.

Көкөмерен суусуна түшүп кеткендер Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү экени айтылууда. Муну Молдакун Абдылдаевдин кызы Надира, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев да тастыктаганын маалымат каражаттары жазышууда.

Ушул жылдын 30-июнунда Кожомкул балбандын 130 жылдыгын белгилөө учурунда коомдук тартипти көзөмөлгө алган Жайыл райондук милициясына Көкөмерен дарыясына унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат берилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Ошондой эле, ак түстөгү автоунаа Суусамырга чыгып, бирок ушул күнгө чейин унаанын жана андагы адамдардын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат «102» кызматына Нарын облусунун Ат-Башы районунан ушул жылдын 30-июнунда болжол менен саат 04:00 чамасында келип түшкөн. Аталган факт Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Copyright © 2017 Maral FM