Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин балдары президентке кайрылуу жолдошту [видео]

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 1171 | 0

Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданек менен уулу Амантур президентке кайрылуу жасады.

Алар социалдык тармактар аркылуу жасалган видео кайрылууда өз алдынча жүргүзгөн териштирүүлөрдү, камакта олтурган атасынын күнөөсү жоктугун далилдеген документтерди жарыялашкан.

Кайрылууда көрүнүп тургандай, Айданек, Амантур атасы Өмүрбек Текебаев даттануучулар менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрдүн убактыларын, жумуш убактыларын, жолугушуу болгон жайларды иликтешип, кылдат талдоого алышкан.

Кененирээк маалыматты төмөнкү видеодон ала аласыз:

Copyright © 2017 Maral FM