Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Азыркы бийлик да тузакка илинди

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июл 2019 | 1078 | 0

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде азыркы бийлик да тузакка илингенин билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууга добуш берген 100дөн ашык депутаттын артында бирөө: тагыраагы, Президенттик Аппарат иштеп жатканы белгилүү.

Бирок президент Сооронбай Жээнбеков расмий пикирин айта элек. Бир чети тергөө жүрүп жатканда Жээнбековдун өз пикирин айтышы, процесстерге баа бергендей болуп калат.

«Жээнбеков шашпай, сабырдуулук кылып, Атамбаевдин маселесин күзгө чейин калтырып койсо болмок. Атамбаевдин экс-президент макамынан ажырашы Жээнбековго да чоң сабак болду», — дейт Кадырбеков.

Ал өлкөдө тынчтык болушу үчүн бийлик бутактары элдин, оппонеттеринин оюн угушу керектигин белгиледи.

«Саясий оппозиция болбосо, мамлекеттин келечеги жок болот. Оппоненттер бийликтин туура эмес багыттарын көрсөтүп турат. Атамбаев саясий оппонент боло алган жок. Ал жеке маселелерге кирип кетти. Азыр бийликке саясатчы Өмүрбек Текебаев сыяктуу оппоненттер жок. Андыктан, Кыргызстан кыйын абалда», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM