Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көчөлөр жуула баштады

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 552 | 0

«Тазалык» муниципалдык ишканасы жайкы аптапка байланыштуу шаар көчөлөрүн күн сайын жууйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Учурда ар бирине 8 тонна суу баткан 8 машина жол жууп жатат. Ошол эле учурда ишкана түнү да жолдорду жууну улантат. Ага 11 атайын техника түнкү саат 2-3 тө чыгып, эртең мененки саат 7.00гө чейин улантмакчы.

Шаар мэриясы ошондой эле, шаардыктарды көчөгө көп чыкпоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM