Биз менен байланышыңыз

Aбылгазиев: «Инвестициялык бизнес-долбоорлорун тандап алуу комиссиясы түзүлдү»

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 434 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аймактык өнүктүрүү механизмдерин каржылоо долбоорун талкуулаган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Президенттин «2019- жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» Жарлыгын ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Өкмөт башчы өз сөзүндө өнүгүү аймактары катары Бишкек жана Ош шаарларына гана басым жасалганын маалымдап, башка аймактарга да көңүл буруу керек экенин айтты. Ал ошондой эле, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аймактарда ишкердик кылууга жагымдуу шарттарды жана жаңы жумушчу орундарын түзүп берүү боюнча чакырык таштады.

«20 шаар боюнча аймактык экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү «өсүш башатын» жана өндүргүч күчтөрдү оптималдуу бөлүштүрүүнү ар бири түшүнүү керек. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери жасалбаган иштерин жеринде жүзөгө ашыруу керек. Кантсе да алар биздин кыймылдаткыч күч болот», — деди премьер-министр.

Мындан тышкары, артыкчылыктуу инвестициялык бизнес-долбоорлорду, материалдык-техникалык өнүгүү боюнча долбоорлорду жана программаларды тандап алуу боюнча сынактык комиссия түзүлгөнүн кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM