Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Инфраструктураны оңдоого сырткы жардамдарды тартуу керек

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 429 | 0

Экономиканы өстүрүүдө түз инвестицияларды жана сырткы жардамдарды тартуу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасап жаткан учурда айтты.

Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун өрчүтүү зарылдыгын кошумчалады.

«Бюджеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү. Жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн түз инвестицияларды жана сырткы жардамдарды тартуу маанилүү. Бул мамлекеттин кызыкчылыгына шайкеш келүүсү керек», — деди Жапаров.

Бүгүн, 5-майда Президент Садыр Жапаровдун кол коюусу менен Конституция жөнүндө мыйзам кабыл алынды.

Жапаров Конституция күнүнө карата куттуктоосунда Жаңы Конституция өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылганын айтты.

Жапаров элге болгон кайрылуусун 1 мүнөттүк аза күтүү менен баштады

Copyright © 2017 Maral FM