Биз менен байланышыңыз

Жапаров элге кайрылуусун 1 мүнөттүк аза күтүү менен баштады

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 396 | 0

Бүгүн, 5-майда Жаңы Конституцияга кол коюу иш-чарасында Президент Садыр Жапаров элге кайрылуусун Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар учурунда курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен баштады.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан  окуяларга күбө болушканын белгиледи.

Ал тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлгөнүн белгилеп, бул окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт», — деди Жапаров.

Кыргызстанда Конституция жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Тийиштүү Жарлыкка президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кол койду.

Конституциянын жаңы редакциясы 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүү) кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров Конституция күнүнө карата куттуктоосунда Жаңы Конституция өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылганын айтты.

Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан 28 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасоодо.

Жаңы Конституция боюнча жыйынга экс-президенттер да катышууда

 

Copyright © 2017 Maral FM