Биз менен байланышыңыз

Жаңы Конституция боюнча жыйынга экс-президенттер да катышууда

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 724 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасоодо. Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Жыйынга өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Мындан сырткары мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү — Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өкмөт, коомдук ишмерлер катышууда.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.

Башмыйзамдын жаңы редакциясы быйыл 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга 79,09% шайлоочу «макул» добушун берди, 13,83% шайлоочу «каршы» добушун берген.

Кыргызстандын юристтери, саясатчылары жана жарандык коомдун өкүлдөрү жаңы Конституция кабыл алынса, бийлик бутактарын президенттик институттун алдына чогултуп, бийликти бир адамдын колуна берүү сыяктуу чоң коркунуч бар экенин эскертип келишти.

Мындан тышкары бийлик бутактарындагы тең салмактын жоктугу, өзгөчө парламент, өкмөттүн өз алдынчалыгын жоготуп коюу тобокелчилиги орун алары белгиленди. Ошондой эле адам укугу менен эркиндигине карата коркунуч жаралып жатат деген кабатырлануу айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM