Биз менен байланышыңыз

Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатага төрага болуп шайланды

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 830 | 1

Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатанын төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, Конституциялык палатанын кечээки отурумунда төраганын орун басарлыгына Эмил Осконбаев жана катчы-судьялыгына Меергүл Бобукеева шайланышты.

Белгилей кетсек, Конституциялык палатанын мурдагы төрагасы, орун басары жана катчы-судьясы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызмат орундарын өткөрүп беришкен.

Палатанын жетекчилиги конституциялык мыйзамдын жоболоруна ылайык үч жылга шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM