Биз менен байланышыңыз

Дубайдын эмиринин жубайы чоң суммадагы акча менен качып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 534 | 0

Британиялык The Sun басылмасы Бириккен Араб Эмитаттарынын премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед бен Рашид Аль Мактумдун жубайы өлкөдөн чоң өлчөмдөгү акча менен качып кеткендигин жазды.

Маалыматка ылайык, ханайым Хайя бинт аль-Хусейн ушул жылдын февраль айынан бери коомчулукка чыкпай калган.

Басылма жазгандай, ал 11 жашар кызы жана 7 жашар уулу менен Германияга качып барып, башпаанек сурап, ажырашууга арыз жазган. Ханайым 39 млн долларга жакын акчаны кошо ала кеткен.

«Бул качуу Бириккен Араб Эмитаттары менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык байланыштын курчушуна алып келди», — деп жазат The Sun басылмасы.

Бир катар маалыматтар боюнча, премьер-министр Берлиндин бийлигине аялын жана балдарын берүүнү суранган, бирок Германия баш тарткан.

Буга чейин Human Rights Watch укук коргоо уюму Бириккен Араб Эмитаттарынын премьер-министринин 32 жаштагы кызы Латифа бинт Мухаммед Аль Мактумдун кайсы жерде экендиги боюнча маалымат берүүсүн талап кылган. Аталган уюмдун маалыматы боюнча ал өлкөсүнөн качууга аракет кылып, бирок кармалып калып, кайра кайтарылган. Бириккен Араб Эмитаттарынын бийлиги анын күч менен кармалып турат деген маалыматын  четке кагышкан.

Copyright © 2017 Maral FM