Биз менен байланышыңыз

Мамкурулуш Чүй облусу боюнча 76 объекттин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 538 | 0

Азыркы мезгилде Мамлекеттик курулуш тарабынан Чүй облусундагы 76 объекттин долборлоо, курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Анын ичинен 48 объекттин курулушу жүрүп жатат. Алар 23 билим берүү объекттери, 11 бала бакча, 2 маданият тармагындагы объекттер, 10 спорттук зал жана спорттук комплекс, 2 башка объект.

Мындан сырткары, 21 объекттерди капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Алар 6 билим берүү объектиси, 2 бала бакча, 6 саламаттык сактоо объектиси, 3 маданият тармагындагы объекттер, 1 спорттук комплекс, 3 башка объект жана 7 ичүүчү суу менен камсыздоо объектиси.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин тизмеси бекитилип, Чүй облусунун 46 объектисине 208,5 млн. сом каралды.

2019-жылга бөлүнгөн каражат менен Мамкурулуш 5 социалдык объектти бүткөрүүнү мерчемдөөдө.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM