Биз менен байланышыңыз

Ушул жылы 44 айылга таза суу кирет

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 630 | 0

Ушул жылы Кыргызстанда 44 айылга таза суу киргизүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигинин ичүүчү суу менен камсыз кылуу департаментинин директору Аскарбек Токтошев маалымат жыйында билдирди.

Аскарбек Токтошев билдиргендей, ушул жылдын алты айында 69 айылга таза суу тартылды. Мындан сырткары, таза сууга муктаж 584 айыл бар.

Таза суу менен камсыздоо маселеси негизинен эл аралык өнөктөштөр: Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам банкы, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Швейцария Конфедерациясы, Европа Биримдиги тарабынан ишке ашып келет.

Мындан сырткары, чет өлкөлүк кайрымдуулук жана гуманитардык уюмдар да көмөктөшүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM