Биз менен байланышыңыз

Өлкөнү таза суу менен камсыздоого жалпы канча каражат бөлүнгөнү айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2019 | 474 | 0

Таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев «Маралга» берген маегинде таза суу көйгөйүн чечүү багытында колдонулуп жаткан каражаттар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 200 млн еврого 24 шаарда иш алып барууда. Дүйнөлүк банк 71.2 млн доллар бөлгөн. Айыл жеринде 185 млн долларлык каражатка иштер алынып барылууда.

Азия өнүктүрүү банкы 33 млн доллар берген. Ал каражатка кийинки жылы Нарын облусун таза суу менен камсыздоо иштери башталат.

Ал эми Ислам өнүктүрүү банкы 60 млн доллар бөлгөн. Ал акча Талас менен Баткен облусу үчүн сарпталат.

«Европа өнүктүрүү банкы берген каражаттын 60 %ы грант, насыя, ал 15 жылга алынды. Дүйнөлүк банк каражаттын 45 пайызын грант катары берген. Азия өнүктүрүү банкы берген каражаттын тең жарымы грант. Ал эми Ислам өнүктүрүү банкынан насыя алып жатабыз. Андан сырткары, Кытай грант катары 100 млн доллар берүүдө», —дейт Токтошев.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөнү таза суу менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 500 млн сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM