Биз менен байланышыңыз

Токтошев: Быйыл 54 айылда таза сууга маселеси чечилет

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2019 | 498 | 0

Өлкөдө 584 айылда таза суу көйгөйү бар. Бул тууралуу Таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, быйыл 54 айылда таза сууга маселеси чечилет. Өткөн жылы 69 айылга таза суу киргизилген.

Таза суу менен камсыздоо маселеси негизинен эл аралык өнөктөштөр: Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам банкы, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Швейцария Конфедерациясы, Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашып келет.

Мындан сырткары, чет өлкөлүк кайрымдуулук жана гуманитардык уюмдар да көмөктөшүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1819 айыл бар.

Copyright © 2017 Maral FM