Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын 386 айылында таза суу жок

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 879 | 0

Азыркы тапта өлкөнүн аймагында 1819 айыл бар, алардын ичинен 386 айылда таптакыр таза суу жок. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Таза суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев  Өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Анын маалыматы боюнча, айыл жергесинде калктын 35,5 %ы таза суу менен камсыздалган эмес. Ошондой эле 267 айылда курлар (водопровод) 1960-жылга чейин курулган.

Аскарбек Токтошев белгилегендей, таза суу менен камсыз кылуудагы белгилүү бир жакшырууларга карабастан, бүгүнкү күнү айыл калкынын үчтөн бири алигиче тийиштүү сапаттагы жана керектүү көлөмдөгү таза суу менен камсыз боло элек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, 2001-2011-жылга чейин 533 айылда суу менен камсыздоо объекттерин реконструкциялоого 70 млн. доллар жумшалган.

«Учурда 57 айылда кайра оңдоо жүрүп жатат. Бул коррупциялык механизмдердин бар экендигинен кабар берет. Эски түтүктөрдү орнотуу фактылары бар жана бул үчүн эч ким жоопкерчилик албайт. Сапатсыз материалдарды пайдалануу бизди кайрадан оңдоого мажбур кылууда», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM