Биз менен байланышыңыз

Токтошев: Баткенде 81 айыл таза сууга муктаж

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2019 | 557 | 0

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында таза сууга көйгөйү курч. Алсак, Баткен облусунда 191 айылдын 81и таза сууга муктаж. Ошондой эле Ош облусунда 169, Жалал-Абадда 171 айылда таза суу көйгөйү чечиле элек. Бул тууралуу Таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башка аймактарга салыштырмалуу Чүй облусунда таза суу маселеси көйгөйлүү эмес. Аталган аймакта 4 айыл гана ичүүчү сууга муктаж.

Өлкөнү таза суу менен камсыздоо үчүн быйыл бюджеттен 500 млн сом бөлүнгөн.

«Агенттиктин колуна 350 млн сом тийди. Жыл соңуна чейин калган 15 млн сом берилет. Өлкөнү таза суу менен камсыздоонун I этабында 65,5 млн доллар каражат сарпталган. Анда 533 айылда таза суу маселеси чечилген. Бирок учурда анын 40 пайызга жакыны иштебей турат», — дейт Токтошев.

Copyright © 2017 Maral FM