Биз менен байланышыңыз

Кудай берген сууга эмнеге акча төлөйбүз? (адистин жообу)

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2019 | 924 | 1

Жергиликтүү кеңештин бир да депутаты суунун баасын өздүк наркына чыгарбайт. Анткени, элге жаман көрүнүүнү каалабайт. Мындан улам сууга болгон тариф саясатын кайра иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу Таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда таза сууга болгон тарифти жергиликтүү кеңештер чечет. Бирок бара-бара газ, электр энергиянын тарифи сыяктуу өкмөттүк деңгээлге алып чыгуу керек.

Айыл өкмөттөрдүн ортосунда муниципалитеттер аралык ишкана түзүлүүдө.

«Айыл өкмөттөргө өздөрүнүн муниципалдык ишканасын түзүү сунушун берип, колдоо көрсөтүп жатабыз. Учурда муниципалитеттер аралык ишкана түзүү боюнча 18 жерде жардам көрсөтүлдү. Сууну кантип камсыздайт: учак менен жеткиреби, унаа же эшек менен ташып береби, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети. Эл сууну пайдалануу үчүн каражат төлөйт. Көпчүлүк: «Эмне үчүн Кудай берген сууга акча төлөшүбүз керек?» — дейт. Туура, Кудай айылдын 10-16 чакырымына суу бериптир, бирок ар бирибиздин үйүбүзгө алып кирип бербептир. Ошондуктан сууну тартып келип, туруктуу камсыз кылууга каражат кетет», — дейт Токтошев.

Ал белгилегендей, ар бир айылга, шаарга өзүнчө тариф иштеп чыгуу зарыл.

Таза суунун тарифи жалпы өлкө аймагы үчүн бирдей эмес. Ал ар бир айылга өзүнчө коюлушу керек. Аймакта калктын саны канчалык көп болсо, суунун өздүк наркы ошончолук арзан болот. Алсак, Бишкекте 1 миллилитр суу 5 сом 30 тыйын. Ал эми айылда калк аз болгондуктан, суунун өздүк наркы 30 сомго чейин чыгып кетүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    30.09.2019 20:40

    Мен, жер астыдагы суу боюнча адисмин, жердин бетиндеги аккан суулар менен дагы иштедим.
    Азыркы адистер шаарда, айылда кесиби туура келбеген жарандар коп иштейт. Суунун оздук наркынын томондотууну ойлошпойт. Дарыялардан туштук менен 15-20 км тартып келген арзанбы же ошол эле жерде жер астына скважина казга арзанга тушобу, ушуларды эсептеп экономикалык пайдасын ойлогон адис жок. Мисалы:бир айылга 15 км жерден суу тартып келууго 150 млн акча болдурот 100 метрге 1 млн акча коротуп жатат, скважина казган арзан тушобу, башка вариантарын ойлонушпайт, акчаны алышып алып суп подарядчик издеп эптеп акчаны туготуп сапатсыз бутуруп, бир эки жылда суу чыкпай калган айылдар бар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM