Биз менен байланышыңыз

Ислам банкы таза суу чыгарууга 20 млн доллар насыя берүүгө даяр

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 509 | 0

Ислам өнүктүрүү банкы Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи. Бул тууралуу Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

«Эгерде долбоор ишке ашырылса, эки облустун 146 миӊ адам жашаган 135 айылы таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 млн доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат башталып, 4,5 жылда аткарылып бүтөт», — деп кошумчалады Токтошев.

Департаменттин директору Аскарбек Токтошев билдиргендей, Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар. Быйыл 44 айылга суу жеткирилет. 2024-жылга чейин өлкө аймагындагы бардык айылдар таза суу менен камсыз болот, анын ичинде Талас аймагы да бар.

Copyright © 2017 Maral FM