Биз менен байланышыңыз

Каракол жана Балыкчы шаарларында суу түтүктөрү жаңыртылат

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 538 | 0

Жогорку Кеӊеште Каракол жана Балыкчы шаарларындагы саркынды суулардын түтүгүн жакшыртууга багытталган «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» боюнча Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, депутаттардын  макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41,87 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12,84 млн доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилет, анын 8 жылы жеӊилдетилген мөөнөт.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат.

Белгилей кетсек, келишим ратификацияланган кийин долбоор даярдалып, аны ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл.

Copyright © 2017 Maral FM