Биз менен байланышыңыз

2018-жылы мамлекеттик бюджеттен 101 объекттин курулушу бүткөрүлгөн

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 591 | 0

2018-жылдагы жыйынтык боюнча курулуш тармагында оң экономикалык динамика сакталды. Бул тууралуу бүгүн 11-февралда Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин  2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында айтылды.

Өлкө боюнча негизги капиталга инвестициянын жалпыланган көлөмү божомолдонгон баа боюнча 150 825,9 млн сомду түздү. 2017-жылга салыштырмалуу 3,3% өсүү темпи байкалды.

2018-жылы инфратүзүмдү жакшыртуу максатында “Капиталдык салымдар” беренси боюнча малекеттик бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкция объекттеринин такталган тизмегине ылайык 156 объект бүткөрүлгөн.

Жыл ичинде жалпысынан 101 объекттин курулушу аяктаган. Алар 68 мектеп жана аларга спорт зал, 6 бала бакча, 8 спорт зал, саламаттык сактоонун 5 объектти, 1 маданият объектти, 21 объект суу менен жабдуу боюнча жана 9 башка объекттер.

Мындан сырткары 38 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн. Алар 27 мектеп, 2 бала бакча, саламаттыкты сактоонун 3 объектти, 4 маданий объект жана 2 башка объект.

2019-жылы жеке турак жай курулушунун объекттери, транспорттук магистраль ,энергетика объекттери жана айыл чарба объекттери курулуштун приоритеттүү багыттарынан болуп эсептелмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM