Биз менен байланышыңыз

Мамкурулуштун директору 30 миң сом айлык алат

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 343 | 0

Кыргызстанда 84 мектеп сапатсыз салынган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалымдады.

Анын айтымында, курулуштун сапатына прорабдар жооп берет, аны менен катар техникалык көзөмөл жана автордук көзөмөл дегендер да болушу керек болчу.

«Долбоорлордун талабына жана курулуш эрежелерине туура келгенде, сапатуу курулуш болду деп айтууга болот. Шалаакылыктан улам ушундай сапатсыз салынган имараттар бар экен. Мындай иштерден арылуу максатында аракеттер жасалып, пландар да түзүлдү», — деди Сатышов .

Депутат Айбек Алтынбеков курулуш тармагындагы коррупциялык элементтерди атап, Токтомамбет Сатышовдун канча айлык алганына кызыкты.

Токтомамбет Сатышов 24 миң сом түз которулуп, андан сырткары кошулган акчалар менен 30 миң сомдун тегерегинде айлык ала турганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM