Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушту

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 424 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен анын миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуу учурунда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, энелердин жана перинаталдык саламаттыкты сактоого жана балдардын өлүмүн кыскартууга багытталган программаларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясын ратификациялоосун эске алуу менен майып балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен камсыздоо боюнча мамлекеттин демилгелерин колдоогону үчүн ЮНИСЕФтин өкүлүнө ыраазычылык билдирди.

Юкиэ Мокуо белгилегендей, Кыргызстан 5 жашка чейинки балдардын өлүмүн кыскартууда прогресске жетишти, эрте курактагы балдарга мектепке чейинки билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгү эки эсе өстү жана балдардын дээрлик 40 %ы бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Copyright © 2017 Maral FM