Биз менен байланышыңыз

ЖЭБ иши боюнча сот отуруму кийинкиге жылдырылды

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 383 | 0

Бишкек шаардык соту Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча соттук териштирүү ишин 2-июлга жылдырды. Буга жактоочулардын келбей калганы себеп болду.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүү иштеринде коррупциялык фактылар табылып, кылмыш иши козголгон. Ишти текшерүүгө алган жумушчу топтун тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд. сом зыян келтирилген.

Copyright © 2017 Maral FM