Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Демилгелердин көпчүлүгү парламенттен чыгат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Июн 2019 | 716 | 0

Учурда президент менен парламент бирге иштеп жатат. Демилгелердин көпчүлүгү парламенттен чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламентке айтылып жаткан сындар негиздүү.

«Көпчүлүк коалициядагы депутаттар өкмөттү сындайт, бирок отчетун кабыл алып коёт. Айрым учурда парламент өзүнүн ыйгарым укуктарын толук пайдаланбай жатат. Парламенттин элементтеринин нормалары менен жашап жатабыз. Коалициянын жоопкерчилиги жок, алсыз», — дейт Төрөбаев.

Ал Конституция боюнча президент экономикалык, социалдык маселелерди карабай турганын, азыр өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков министрлерди чакырып сурап, өкмөттүн иши боюнча сүйлөп жатканын белгилеп, мунун баарын жоюу зарыл экенин айтып өттү.

Төрабаев мындан сырткары, коалиция түзүүдө президенттин таасири бар экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM