Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Өлкөнүн келечеги Атамбаевге керек эмес болсо, балдарыбызга керек

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 1577 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева парламенттин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады. Анда айтылгандай, Атамбаев Касымалиеваны маалымат катчы болуу үчүн чакырган. Шайлоодо партияга жардам берүүсүн суранганын, депутат дымагы болбогонун, партиянын да ылдыйкы тизмесине жайгашканын айтты.

-“КСДП менен сени алып келдим эле. Эмне үчүн сатып жатасың?”-деген маселенин коюлушу туура эмес. ЖЭБди модернизациялоо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинде менин зээним кейиген. Кой-Ташты аралап барсам, мага кызыктай сезилди. Кечээ атчандарды чакырып, таш чогултуп, курал колдоном дегендери туура эмес. Атамбаевдин түндүк-түштүк маселесин көтөрүп жатканы уят жана тарых муну кечирбейт. Алмаз Шаршенович, эгер сизге өлкөнүн келечеги керек эмес болсо, менин кызыма, балама, балдарыбызга керек.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 25-июнда парламенттин тармактык комитетинде башпрокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратуранын корутундусу даяр экенин белгилеген болчу. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Учурда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамын алуу маселесин карап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM