Биз менен байланышыңыз

Жамшитов: ЖЭБден кымырылган акчалар изделип жатат

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 465 | 0

Бишкек жылуулук борборун модернизациялоонун туура эмес жүргүзүлгөнүнүн бир далили – ал жактан чыккан кырсык. Андагы кымырылган акчалар учурда изделип жатат. Бул тууралуу Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште айтты. Анда ал ЖЭБдеги коррупцияга шектелип кармалган жетекчилердин айыбын тастыктаган далилдер жетиштүү экенин белгиледи.

— Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодо эч кандай техникалык-экономикалык негиздеме түзүлгөн эмес. Бул иштин баарын сот карап, чекит койсун.

Депутат Талант Мамытов камактагы экс-премьер-министр Сапар Исаков ошол кезде Президенттик Аппараттын тышкы саясатын башкарып турганын эске салып, ал кызматта турганда экономикалык иштерге аралашуусуна ким тапшырма бергенине кызыкты.

— Сотко чейин өндүрүштүн материалдарына ылайык, ага экс-президент тапшырма бергендиги аныкталган. Бул өзүнчө каралып, тергөө жүрүп жатат. Ошол кезде президент кийлигишпестиги керек болчу ,- деп жооп берди башпрокурор.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 25-июнда парламенттин тармактык комитетинде башпрокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратуранын корутундусу даяр экенин белгилеген болчу. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Учурда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамын алуу маселесин карап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM