Биз менен байланышыңыз

Канттагы авиабаза боюнча протокол күчүнө киргенден кийин кандай өзгөрүүлөр болот?

Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 2914 | 0

Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, эки өлкө ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө Кыргызстандын мыйзам долбоору бүгүн, 2-июнда,Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынды.

Бул мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан Орусиянын президентинин мамлекеттик иш-сапары учурунда, 2019-жылдын 28-мартында, Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргызстандын аймагындагы бириккен орусиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө эки өлкө ортосундагы Макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү ички мамлекеттик жол-жоболорду өткөрүү максатында даярдалган.

Протокол күчүнө киргенден кийин кандай өзгөрүүлөр болот?

  1. 2012-жылдын 20-сентябрындагы Макулдашууга ылайык, орус тарап ижарага алынган жер участоктордун аянты 866,2 га түзөт. Көрсөтүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча аянт 924,52 га түздү, ошентип Макулдашууда каралган аянтка караганда иш жүзүндө орус тарап 58,32 га көбүрөк жер участокторун колдонот. Орусия тарап жер участокторун жана участоктун акваториясын пайдалангандыгы үчүн жыл сайын төлөнүчү ижара акысынын суммасы 4 502 495 долларын түзөт. Протокол күчүнө киргенден кийин төлөнүчү сумма 4 794 095  долларды түзмөкчү.
  2. Протокол күчүнө киргенден кийин тараптар Орусия иш жүзүндө колдонгон жер аянтынын 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап ижара акысын Кыргызстанга кайтаруу боюнча ишти уюштурат.
  3. Учуп-конуу тилкеси (УКТ) 2003-жылдын тиешелүү эл аралык келишимине ылайык «Кант» аэродромунун УКТсы орус тарапка убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилген. (Учурда «Кант» аэродромунун УКТсын жасалма төшөлмөсүн толук алмаштыруу жана айрым конструкциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү кажет, бул кыйла капиталдык салымдарды талап кылат). Макулдашуунун негизинде УКТны реконструкцияланган учурда менчик укугу Орусияга өтөт. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандун Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан Макулдашуунун аракеттеги мөөнөтү бүткөндө, аталган объектти кыргыз тарапка кайтарууну караган Макулдашуунун 6-беренесинин 10-пунктуна өзгөртүүлөр иштелип чыкты. Мындан сырткары, УКТнын объекттери биргелешип пайдаланылуучу объекттердин тизмесине киргизилген.
  4. Мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу жана учкучсуз учуучу аппараттарынын ( УУА) Кыргызстандын аймагында колдонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, Орусия тарап аскердик базасына «Орлан-10» моделиндеги 4 (төрт) жана «Форпост» моделиндеги 2 (эки) УУАларды жайгаштырууну пландаштырууда.Протокол күчүнө киргенден кийин, тараптар менен УУАны колдонуунун тартиби аныкталган ведомстволор аралык документ түзүлүп, ага кол коюлат.

2003-жылдын сентябрында Орусия Кант шаарында бириккен россиялык аскердик базаны жайгаштыруу жөнүндө Кыргызстан менен 15 жылдык келишим түзгөн. Келишимге ылайык, Орусиядан эч кандай акы алынбайт.

2016-жылдын 1-декабрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келишимдин аягында базаны жабуу чечимин билдирген. Бирок, 2017-жылдын 28-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Атамбаев менен болгон жолугушуусунда, эгерде Кыргызстанга мындай базанын кереги жок болсо, анда орус аскерлери «ошол эле күнү» чыгып кете турганын айткан.

2019-жылдын 28-мартында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында тараптар 2012-жылдагы келишимге республиканын аймагындагы Орусиянын аскер базасынын абалы жана шарттары жөнүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишкен.

Бул жерде Орусиянын аскердик базасынын жер аянтынын дээрлик 60 гектарга көбөйүшү жана базаны ижарага алуу наркынын жогорулашы жөнүндө сөз болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM