Биз менен байланышыңыз

Жамшитов: Атамбаевдин аракетинен коррупциянын белгилери байкалып турат

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 604 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Кой-Таштагы жер тилкеси мыйзамсыз алынганы айтылган. Бул тууралуу Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште маалымат берди.

Ага ылайык, Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө Жазык кодексинин «коррупция» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

— Сотко чейинки өндүрүш учурунда чогултулган материалдарда өзгөчө оор кылмыштын бар экендигин көрсөткөн маалыматтар жетиштүү. Тактап айтканда, Кой-Таш айылына үй куруу үчүн «Дастан» ишканасынын бүтпөгөн курулуш имараты менен бирге 2,7 гектар жер тилкесин, «Фрунзе» токой чарбасынын 0,55 гектар жерин ээлеп алганы боюнча фактылар бар.  

Башпрокурор мындан тышкары, Атамбаев президент болуп тургандагы аракеттеринен коррупциянын белгилери байкалып турганын да айтты.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 25-июнда парламенттин тармактык комитетинде башпрокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратуранын корутундусу даяр экенин белгилеген болчу. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM