Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин 27-июнда карайт

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 447 | 0

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу маселесин 27-июндагы жалпы жыйынында карайт. Бул тууралуу «Марал» радиосунун өздүк булактары билдирди.

Ага ылайык, аталган маселе күн тартибинде биринчи кезекте каралмакчы.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 25-июнда парламенттин тармактык комитетинде башпрокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратуранын корутундусу даяр экенин белгилеген болчу. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM