Биз менен байланышыңыз

КСДП Атамбаевдин кол тийбестигин коргоп, Конституциялык палатага кайрылды

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 741 | 0

КСДП Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамын алуу аракетинде мыйзам бузулганын айтып, Конституциялык палатага кайрылды. Бул тууралуу партиянын юристи Нурбек Касымбеков «Марал» радиосуна маалымдады. Анын белгилешинче, Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн депутаттык комиссия түзүү боюнча токтом Башмыйзамга каршы келет.

— Анткени, депутаттар экс-президент боюнча мыйзамды артка иштетишти. Негизи ал Алмазбек Атамбаевге иштебеши керек. Ошол себептүү депутаттардын 13-июндагы токтому Контистуцияга каршы келерин айтып, палатага кайрылдык.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алынып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 25-июнда комитеттин жыйынында башпрокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевдин 5 айыбы аныкталганын, бул боюнча органдын токтому даяр экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM