Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардын» камерасын белгисиз адамдар талкалап кетишти

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 360 | 0

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы «Коопсуз шаардын» камерасын белгисиз адамдар талкалап кетишти. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн болжол менен саат 10:56да Аламүдүн районунун Ички иштер бөлүмүнө Бишкек-Торугарт унаа жолундагы «Коопсуз шаардын» камерасы талкаланганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине барган милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, камераны ок атуучу курал менен аткылап кетишкен.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, камераны атып кеткен адамды аныктоо иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM