Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн эки районунда 2 күндө 14 мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 238 | 0

Жол кырсыктарынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу 27-29-агуст аралыгында Чүй облусунун Жайыл жана Москва райондорунда облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын тескөөчүлөр тарабынан «БАХУС» аталышындагы рейддик иш-чара өттү.

Аталган иш-чара жол эрежелеринин одоно бузууларды, мас абалында унаа башкаргандарды аныктоого, балдардын жаракат алуусун азайтууга жана жарандардын укук бузууларына бөгөт коюуга багытталган.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан 165 жол эрежесин бузуу аныкталган, анын ичинен 14 жаран унааны мас абалында башкарган. Жалпысынан токтотулган унаалардын ичинен 24ү айып аянтчасына токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM