Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 7-8-августдагы башаламандыкка Фархад Баабиевдин катыштыгы бар

Кыска кабар | 19 Авг 2019 | 623 | 0

7-8-августундагы массалык башаламандыкка Фархад Баабиевдин катыштыгы бардыгы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

16-август күнү  Фархад Баабиев Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүмүндө (массалык башаламандыкка катышуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Copyright © 2017 Maral FM