Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров активист Аспековго 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 867 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жарандык сотто активист Мелис Аспековго утулду. Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Адахан Мадумаров өзүнүн «Фейсбук»баракчасында айткандарын төгүндөп, 50 миң сом моралдык компенсация төлөп бериш керек.

«Адахан Мадумаровдон утуп алган 50 миң сомго өзүмдүн районума караштуу Сейил паркына даараткана курам. Кеп — ал каражатта эмес, кеп кечирим суратышта, кеп ал адамдын калпты шакылдатып айтканында. Коркок адам экен, коркуп бир сотко келген жок» ,  -деп жазды активист Мелис Аспеков өзүнүн «Фейсбук» баракчасына.

Белгилей кетсек, Мелис Аспеков Биринчи май райондук сотуна бир жыл мурда «кадыр-баркыма, абийириме, ар-намысыма шек келтирди» деп Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз жазган.

Ага 2017-жылы саясатчы телеканалдардын биринде Мелис Аспековду «УКМК кызматкерлерине иштейт жана провокатор» деп айтканы негиз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM